
Жалал-Абад жана Ош облустарында фирмалык мотор майларын жасалмалоо жана сатуу менен алектенген төрт соода фирмасынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
УКМК тарабынан сатылып жаткан мотор майларынын сапаты боюнча автотранспорт каражаттарынын ээлеринин көптөгөн даттанууларына байланыштуу «Уюшкан топ тарабынан башка бирөөнүн товардык белгисин мыйзамсыз пайдалануу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагында ири автомайлоочу майлардын кампаларына тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Алсак, фирмалардын директорлору жана жөнөтүүчүлөрү Х.А.А., Х.Ш.Х., Х.Н.Б. жана М.Х.Б. мотор майларынын бренддик соода маркаларынын дилерлери болушуп, сапаты төмөн майларды Кытайдан контрабандалык жол менен алып келишкендиги аныкталган.
Мындан тышкары, табылган мотор майларынын бардык идиштеринде 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген акциздик маркалары жок болгон. Кармалган майларды экспертизалоо алардын сапатынын төмөндүгүн, атап айтканда, курамында «щелочтук элементтердин» жоктугун көрсөткөн. Мотор майларынын бул касиети кыймылдаткычтарды мөөнөтүнөн мурда эскирүүдөн коргоо үчүн жооптуу.
Алынган маалыматтарга караганда, алардын кызматын «тендерчилер» дегендер колдонуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тил табышып, оригиналдууга жамынып жасалма майларды алып келишкен.
Ошондой эле Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы май алмаштыруучу айрым түйүндөрдө Россияда өндүрүлгөн арзан майларды, андан ары сатуу үчүн бренддик маркалардын идиштерине куюу фактылары аныкталган.
УКМК жарандардан май алмаштыруучу жайларда майдын өндүрүүчүсүн жана сапатын тастыктаган сертификаттарынын болушуна көңүл бурууну өтүнөт.
Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.