
Дмитриевка айылында Чоң Чүй каналына агып кеткен алты жашар баланын жансыз денесин милиция жана өзгөчө кырдаалдар кызматы табышкан. Бул тууралуу 24.kg агентигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 9-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Дмитриевка айылындагы үйүнөн 3 чакырым алыстыкта ойноп жаткан алты жаштагы З.Б. Чоң Чүй каналына агып кетип, агып кеткен. Жергиликтүү тургундар, баланын жакындары, ӨКМ жана Ысык-Ата РИИБдин жалпы өздүк курамы баланы издөөгө алышкан.
Баланын сөөгү сууга түшкөн жеринен беш чакырым алыстыкта табылган. Учурда укук коргоо кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилет.