
«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызпатенттен алтын казуучу өндүрүштүнкалдыктары — кектерди курулуш тармагында кайра пайдалануу технологиясына автордук укук объектисин каттоо тууралуу күбөлүк алды. Бул окуя компаниянын туруктууөнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди өнөр жай өндүрүшүнө киргизүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Кектер — бул Жерүй кениндеги алтын бөлүп алуу фабрикасында кеништетилгенден кийин калган калдыктар. Заманбап технологияларды колдонуу менен бул калдыктар коопсуз деп табылган. Алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2018-жылдын 22-январындагы токтому менен бекитилген калдыктардын классификаторуна ылайык, бешинчи класска киргизилген.
Кектердин экологиялык коопсуздугу илимий жактан да ырасталган. Кыргыз РеспубликасынынУлуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институту фабриканын технологиялык процесстерин терең изилдеп чыгып, кектерди курулуш материалдарыкатары пайдаланууга болот деген корутунду чыгарган.
Илимий изилдөөлөр кектерде эркин цианид жок экенин көрсөтүп, ошондой эле Жерүй алтын бөлүп алуу фабрикасынын калдыктарынын радиациялык фону норманын чегинде экенин аныктаган.
Лабораториялык изилдөөлөр кектерден аралаштыргыч эритмелер, жарым кургак ыкма менен басылып жасалган дубал блоктору, күйгүзүлгөн кыш, таманташ, жолдогутемир-бетон тосмолору, газобетон, ички жана сырткы иштерге арналган кургак курулуш аралашмалары, ошондой эле цемент кошулган жолго чачуучу материалдарды чыгаруугамүмкүн экенин тастыктады.
Компания ошондой эле иштелип чыккан технологияны өнөр жайда колдонууга уруксат алуу үчүн зарыл болгон кектердин физика-химиялык курамына анализ жүргүздү.
Өз ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында «Альянс Алтын»компаниясы кызыкдар тараптарга Жерүй кенинин калдыктар сактоочу жайында кектердин негизинде жасалган курулуш материалдарын көрсөтүүдө.
Бул объектгеомембрана менен жабдылып, дренаж толук жокко чыгарылган. Демек, калдыктардагы нымдуулук кайра иштетүү циклине кайтарылып, дарыядан суу алуу азайтылат жанаайлана-чөйрөгө болгон таасир азаят.
«Альянс Алтын» компаниясы тоо-кен өндүрүшүндө жаңы философияны түзүүдө. Башкача айтканда, мында калдыктар ресурс катары каралат. Технологиянын автордук укугукатары катталышы компаниянын Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагындагы туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз чечимдерди ишке ашырган лидерлердинбири экенин ырастайт.