
Министрлер кабинети электросамокат, гидроскутер, сигвей жана монодөңгөлөктөрдү колдонуунун тартибин бекитти.
Бул боюнча токтом кабыл алынып, андагы талаптардын көбү мобилдүү каражаттарды ижарага бергендерге тиешелүү болду.
Эрежелердин тартиби:
ижарачыда коопсуздук эрежелери, тарифтер жана компаниянын ички саясатын камтыган мобилдик тиркемеси болушу керек. Ал самокатты ижарага алып жаткан адамдан паспорт же башка өздүгүн тастыктаган документин талап кыла алат;
ижарачы менен колдонуучунун ортосунда келишим ачык оферта аркылуу түзүлөт. Ишкер колдонуучунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана өзүнүн техникасын коргоо үчүн камсыздандыруу жасай алат. Алар транспорттун техникалык абалын ар дайым текшерип турушу керек;
мобилдик транспортто каттоо номери, чырак, арткы стоп-чырактар, жарык чагылдыруучу каражаттар жана ылдамдыкты саатына 25 чакырымга чектеген түзүлүш болушу шарт;
транспорттор атайын бөлүнгөн жерден ижарага берилиши керек. Эгерде аны колдонгон адам жолдун ортосуна таштап кетсе, ижарачы аны дароо алып кетиши зарыл. Жергиликтүү бийлик электросамокаттар жолдо 3 сааттан ашык туруп калса аны алып кетип, ижарачыга айып төлөгөндөн кийин берет;
ири иш-чараларда ижарага берүү убактылуу чектелет;
самокат тээп бараткан адам башка бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирсе мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.