
Азамат Абдилашим уулу Улуттук маданий борбордун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жаңы жетекчи буга чейин командага тааныштырылды.
Азамат Абдилашим уулу 1992-жылы 31-декабрда туулган, 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетин аяктаган.
Кесиптик карьерасын 2015-жылы «Ата Журт» саясий партиясынын жаштар канатынын координатору болуп иштөөдөн баштаган. 2016-2017-жылдары «Ата Журт» партиясынын жаштар кеңешинин төрагасы болгон. Ошол эле 2016-жылы Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын платосундагы Хан Ордо этникалык шаарчасында волонтерлордун лидери болгон. 2025-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун бөлүм башчысы кызматын аркалаган.