
Бүгүн, 7-апрелде Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы балдар бакчасы пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, КР УКМК Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин 2023 — жылдын 28-ноябрында Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде, аталган райондо мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин эске алуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин колдоосу менен 200 орундуу бала бакча куруу демилгеленген.
Бала бакчага Баткен районунун «Достук» чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы КР чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды.