
«Манас» аэропортунда учуу тилкесин оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.
Буга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн 3:00гө чейин каттамдар токтотулган.
«Бардык авиакомпанияларга пландалган оңдоо иштери тууралуу маалымдалган. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.