Бишкекте үчөө бир адамды сабап, бычактап кетишкен. Алар кармалышты

Бишкекте күч кызматкерлери бир адамды сабап, бычактаган деп шектелген үч жаранды кармашты. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Окуя бир күн мурун, 31-мартта саат 19:30-20:15тер чамасында мурдагы Новопавловка (азыркы Бишкек) айылындагы чайканада болгон. Балдардын ортосунда сөз талашып, анын натыйжасында үчөө кол салып, эркек кишиге бир нече жолу бычак сайып сабашкан.

Укук коргоо органдарындагы булактын айтымында, жабырлануучу ооруканага жаткырылып, кол салгандар окуя болгон жерден качып кетишкен. Кийинчерээк шектүүлөр кармалган.