Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын алтын медалын жеңди

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашкандай, спортчу мелдешке 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Алгач 1/8 финалдык беттеште казакстандык балбанды 5:4 эсебинде, чейрек финалдык беттеште Өзбекстандын спортчусун 7:1 эсебинде уткан. Жарым финалдык беттеште Япониянын балбанын 8:8 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

Алтын медаль үчүн беттеште Тажикстандын спортчусун 5:4 эсебинде жеңип, Азия чемпиону аталды.