
Жалал-Абад шаарындагы мектептин курулушунда 3,5 млн сомго жакын зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Жалал-Абад шаарындагы Ынтымак айылында жайгашкан М.Төрөмаматов атындагы орто мектептин курулушунда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери «Ф» ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алышып, иш жүзүндө аткарылбаган иштерди кабыл алышкандыгынын натыйжасында, мамлекетке жалпы 2 млн 640 миң 980 сомдук зыян келтирилгени аныкталды.
Мындан тышкары, 1 млн 188 миң сомдук 250 кВт генератор 2 млн 30 миң сомго сатып алынды деп көрсөтүлгөн.
Аталган фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Документ жасалмалоо» жана «Мүлктү ыйгарып алуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар тергөө үчүн Жалал-Абад ОИИБге жиберилди.