Ысык-Көлдө гидроцикл пайдалангандар үчүн айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» КР мыйзамына, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 13-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди) пайдаланууга жарым-жартылай тыюу салууну белгилөө, ошондой эле Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп саналат.

Алсак, мыйзам менен «суу мотоцикли (гидроцикл)», «асма мотор», «эки тактылуу кыймылдаткыч», «жасалма кыймылдаткыч» жана «төрт такттуу кыймылдаткыч» деген жаңы түшүнүктөр киргизилген.

Мындан тышкары, мыйзамда Ысык-Көл көлүнүн аймагында экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен, Ысык-Көл көлүнүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилери каралган.

Бул ченемди бузгандыгы үчүн жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө чейин, юридикалык жактарга — 100 эсептик көрсөткүчтөн 200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу түрүндө жоопкерчилик каралган