Эртеңден тарта Душанбе-Бишкек-Душанбе аба каттамы ишке кирет

Traffic at airport at golden sunset. Front view of taxiing airplane while other taking off from the runway.

Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча аба каттамдары эртең жанданат. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди.

Аба каттамдарын ачуу чечими өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болду.

Расмий программанын алкагында ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрүү пунктунун ачылышы болду.