Тажикстан президентинин иш сапары: Бишкектин мектептери онлайн окутууга өтөт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкектин мектептери 12-13-мартта онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу буйрукка борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын директору Рахат Мусаева кол койду.

Документке ылайык, менчигинин түрүнө карабастан мектептерде окуу процесси электрондук ресурстарды жана аянтчаларды колдонуу менен видеосабактар ​​форматында өтөт.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президентинин 12-13-март күндөрү Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарына байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.