
Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган Европарламенттин депутаттары менен Акыйкатчынын орун басарлары Жанибек Жоробаев жана Айчүрөк Назаралиева жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.
Анда алар адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылууну сөз кылышты. Айрыкча, сөз эркиндиги, тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууну, аялдар менен балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоону жана зордук-зомбулукка жол бербөөнү талкуулашты.
Мындан сырткары, эрте никенин алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев институттун адам укуктарын коргоодо жасаган иштерине токтолду. Жоробаев институт жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу менен мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүп, адам укуктарын коргоо боюнча иш жүргүзөрүн белгиледи.
Ал институтка жарандар тарабынан кайрылуулар көп түшүп жатканын, бул элдин Акыйкатчыга болгон ишеними артканынан кабар берерин баса белгиледи.
«Акыйкатчы Институту адам укуктарынын сакталышы, сот адилеттүүлүгү жана күнөөсүздүк презумпциясынын сакталышына такай мониторинг жүргүзүп турат. Мониторингдин жыйынтыгында аныкталган укук бузууларга мамлекеттик органдардын көңүлүн буруп келебиз. Калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоо дайыма биздин көңүл борборубузда», — деди Жанибек Жоробаев.
Жоробаев Европарламенттин расмий делегациясынын өкүлдөрүнүн көңүлүн Акыйкатчы Институту менен Кыргызстандын парламентинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө бурду.
«Учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан «Акыйкатчы жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору демилгеленүүдө, бул институттун «А» статусун алуусу үчүн маанилүү кадам болот», — деди Жоробаев.
Делегациянын жетекчиси, Европарламенттин Адам укуктары боюнча подкомитетинин төрагасы Мунир Сатури инститтун жылуу тосуп алганына жана Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы тууралуу кенен маалымат бергенине ыраазычылык билдирди.
«Биз «Акыйкатчы жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынып, сиздердин адам укуктарын коргоодогу маанилүү миссияңыздарды аткарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ишенебиз», — деди Мунир Сатури.