Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумдун сөөгүн жерге берүүнү тартипке келтирүү тууралуу фатва чыгарды.
Ага ылайык, маркумдун үйүнөн алгачкы үч күндүн ичинде мал союлуп, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Үчтүк, бейшембилик, жетилик, жыйырмалык, кыркылык, ашы сыяктуу аталыштар менен мал союп, тамак аш берүүгө болбойт. Муфтияттын фатвасында жыртыш таратып берүү, бел боо, “ак кийди, көк кийди” деген кийиттерди берүү ысырапкорчулук деп аталды жана ага да тыюу салынат.
Мүрзөгө мармар таштан, граниттен, темирден жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалгаланган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө тактайларын тургузууга жана орнотууга болбойт. Андан тышкары фатвада өлгөн адамды мүмкүн болушунча тезирээк жерге берүү шарияттын талабы экени, эч бир себеби жок сөөктү 2-3 күн кармоо шариятка туура келбей турганы жазылган.