Кыргызстандын өкүлү Валентина Шевченконун UFC промоушениндеги кезектеги атаандашы айтылды. Бул тууралуу соцтармактардагы жарнамалык баракчаларында жазылат.
Валентина Шевченко 10-майда Квебекте UFC 315 турниринде франциялык Манон Фиоро менен беттешет.
Валентина Шевченконун эсебинде аралаш мушташ боюнча 24 жеңиш жана төрт жеңилүү бар. Ал акыркы беттешинде мексикалык Алекса Грассону жеңди.
Манон Фиоро ММА карьерасында 12 жеңиш жана бир жеңилүү болгон.