Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу жакында парламентти таратып, быйыл күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу айың кептерге чекит койду.
«Бул ушактар. Мөөнөтүнөн бир күн же бир ай мурда шайлоо болбойт. Белгилей кетким келет, шайлоо келерки жылы өткөрүлөт», — деди ал.
Төрага кошумчалагандай, президенттик шайлоо да өз убагында болот.