Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева мандатын тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-февралдагы жыйынында ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызды карайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эл депутатынын бош калган мандаты «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Гүлсүнкан Жунушалиевага өтөт.
Айрым маалыматтарга караганда, Гүлшаркан Култаева мамлекеттик кызматка өтүп жатат.