Нурбек Ташбеков президенттик аппараттын саясий-экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Бакыт Сыдыков бул кызматтан былтыр декабрда кетип, жаңы экономика жана соода министри болгон.
Нурбек Ташбеков буга чейин Улуттук банкта, өкмөттүн жана президенттик аппараттарда адис болуп иштеген. 2024-жылдын январынан тарта Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун аналитикалык бөлүмүндө адис болгон.