18-февралда Бишкектеги Жеңиш жаңы конушунда ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Суу бул конушта саат 10:00 – 15:00 чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо жана башка объектилерге берилбейт.
Мэрия бул күнү “Жеңиш” суу кампасы жана шаардагы түтүк тармактары оңдолорун билдирип, келтирген ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурады.