Ош облусунун Кара-Суу районунда сабалып каза болгон 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды.
Облустук милициядан билдиришкендей, 12-февралда Каратай айылындагы №39 мектептин жанынан окуучу кулап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, күбөлөрдүн айтымына ылайык, окуучулардын ортосунда уруш чыгып, натыйжада 9-класстын окуучусу сабалып, эс-учун жоготкону аныкталган.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси “Ден соолукка оор залал келтирүү” боюнча кылмыш иши козголду.
Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, маркумду сабаган ошол эле мектептин окуучусу 2007-жылы туулган Р.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.
Тергөө иштери уланууда.