
Атайын кызмат жана ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматы тарабынан Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү, милициянын капитаны Т.Н. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Милиция кызматкери 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.
Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.