
Бүгүн Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Айкөл Манастын айкели ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, КР эл артисти Жолболду Алыбаев, ардагерлер, район жетекчилиги, белгилүү манасчылар, төкмө акындар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Элчибек Жантаев сөз сүйлөп, аба ырайына байланыштуу келе албай калган мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун саламын жеткирди.
Ошондой эле облус жетекчиси байыртадан Улуу Жибек жолунун чордону болгон, бай тарыхы бар, эли эмгекчил Өзгөн жергесинде Манас атанын айкелинин ачылышы элибизди мындан ары да мекенчилдикке, бийиктиктерге үндөгөн чакырык болуп турарын белгиледи.
Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан Айкөл Манастын эстелигин жана анын жайгашкан жерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаевдин демилгеси менен өткөн жылы башталып, ошол эле жылы аяктаган. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 млн 185 миң сом бөлүнгөн.
Ал эми айкелди медден жасоо үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң 823 сом каржыланып, жумуш толук аткарылып бүткөн.
Белгилей кетсек, Манастын эстелигинин бийиктиги 3 м 65 см, туурасы 1 м 60 см.