
Кыргызстандагы Ozon өлкөнүн жашоочулары үчүн Кытайдан келген товарларды сата баштады. Маркетплейстин витринасына кардарлар Кытайдын ишкерлерине түз буйрутма берип алдырта ала турган 2,5 миллиондон ашык товар коюлду – бул жерден кийим-кече жана бут кийимден баштап, тиричилик техникасы жана үй буюмдарына чейин табууга болот. Кытайдан буйрутмаларды алдыртууга болжол менен 3 жума убакыт кетет жана Кыргызстандын булуң-бурчундагы сатып алуучулар үчүн акысыз болот.
Республиканын жашоочулары өздөрүнүн буйрутмаларын жалпы өлкө боюнча “Кыргыз почтасынын” бөлүмдөрүнөн алып кете алышат. Ozon’дун сайтында же тиркемесинде буйрутманы тариздеп жатканда Почтанын сизге жакын жайгашкан буйрутма берүүчү пунктун тандап алсаңыз болот.
Азыртадан эле Кыргызстандын жашоочуларына Кытайдан ар кандай категориядагы 2,5 миллиондон ашык товар жеткиликтүү болуп калды – кийим-кечеден жана бут кийимден, аксессуарлардан жана косметикадан баштап, ремонт иштери үчүн товарларга, автотоварларга жана эмеректерге чейин бар. Жакынкы убакта ассортимент бир нече эсе көбөйөт. Ошол эле учурда Кытайдан товарларга баа башка өлкөлөрдө ушул өндүү товарларга караганда орточо 15 пайызга төмөн болот.
“Кыргызстандагы жигердүү сатып алуучулардын аудиториясы тынымсыз өсүүдө: 2024-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы боюнча аудитория жылына 6 эсе көбөйүп келген, ал эми ушул эле мезгил үчүн буйрутмалардын саны 12 эседен ашык көбөйдү. Кытайдан товарлар сатыла баштагандан бери биз сатып алуучуларга эң жакшы баада дагы көбүрөөк суроо-талапка ээ болгон товарларды сунуштай алабыз. Ошол эле учурда кытай ишкерлер жергиликтүү сатуучулар үчүн олуттуу атаандаштыкты түзө алышпайт, себеби Кытайдан жеткирүү мөөнөтү кыйла жогору болот”, – деп белгиледи Ozon’дун Кыргызстандагы коммерциялык директору Асель Тургунбекова.
Ozon 2020-жылдан бери бизнестин трансчек аралык багытын өнүктүрүп келатат. Бүгүнкү күндө компаниянын Кытайдан 130 миңден ашык сатуучусу бар, алар Орусиядан, Казакстандан, Беларустан жана Армениядан сатып алуучуларга товарларды жеткирип жатышат.
Ozon Кыргызстандын рыногуна 2022-жылы кирген. 2023-жылдын башында компания Бишкекте өзүнүн биринчи сорттоо борборун ишке киргизген. Товарлар сатып алуучуларга Ozon’дун брендделген буйрутмаларды берүү пункттарына, “Кыргыз почтасынын” бөлүмдөрүнө же сатуучунун күчү менен жеткирилет. Ал эми Бишкектин тургундары Ozon’дун курьердик жеткирүүсүн колдоно алышат – чабарман буйрутманы босогоңузга чейин жеткирип берет.
Ozon – өнүккөн логистикалык тармагы бар мультикатегориялык маркетплейс. Компания Казакстанда, Арменияда, Беларуста, Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Грузияда, ошондой эле Кытайда жана Түркияда бизнес жүргүзөт. Ozon аянтчасы китептерден жана кийимдерден баштап, ден соолук үчүн керектүү азыктардан жана товарларга чейин 20дан көп категорияда 370 миллиондон ашык товарды сунуштай алат. 53,5 миллион жигердүү сатып алуучу Ozon’дун өнүккөн логистикалык инфраструктурасынын жардамы менен буйрутмаларын алып жатышат. Аянтча ошондой эле 550 миң ишкерге өз товарларын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө сатууга мүмкүнчүлүк берет.