Азия оюндары. Кыргызстандын хоккейчилери чейрек финалда Гонконг менен беттешет

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештердин сайтында маалымдалды.

Бир күн мурун кыргызстандыктар Сингапур курамасын 11:2 эсебинде утуп алган.

КР командасы 8 упай менен В тайпасында биринчи орунду ээледи.

Бүгүн, 10-февралда чейрек финалда биздин команда Гонконгдон келген атаандаштары менен беттешет.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтүп жатат. Кыргызстандын курама командасы биатлон, лыжа, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышууда.