4-8-февраль аралыгында Доха шаарында өтүп жаткан AgriteQ эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө Кыргызстандын айыл чарба продукциялары көрсөтүлүүдө.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган көргөзмөгө Кыргызстандын Катардагы элчилигинин колдоосу менен тогуз компания катышууда. Алар: “Art Slippers”, “Bal King”, “Balary”, “Ernis Bal”, “Exim Torg”, “Kyrgyz Dan”, “Namaev”, “Yrchieva” жана “Gimnili”.
Аталган компаниялар бал, кургатылган жемиштер, өсүмдүк майы, кол өнөрчүлүк жана башка Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын тартуулоодо.
Белгиленгендей, 4-февралда көргөзмөнүн расмий ачылышы болуп, ага Катардын муниципалитет министри Абдулла бин Хамад Аль-Аттия, Кыргызстандын Катардагы элчиси М.Нуралиев жана “Кыргыз экспорт борборунун” өкүлдөрү, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор, башка чет мамлекеттердин Катардагы элчилери жана эл аралык айыл чарба уюмдарынын жетекчилери катышты.
Көргөзмө Катардын премьер-министри – тышкы иштер министри шейх Мухаммад бин Абдурахман Аль Танинин колдоосу астында уюштурулуп, ага дүйнөнүн 29 өлкөсүнөн айыл чарба жана азык-түлүк боюнча адистешкен 300 дөн ашык компания катышууда.