“Манас” эл аралык аэропортунан Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ал Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен издөөдө жүргөн 1999-жылы туулган Б.А. аттуу жаран болгон.
Маалыматтарга караганда ал 2023-жылы туулган Б.А., А. А., К. А. жана Х.Д.лар менен банктын кардарларынын каражаттарын уурдоого багытталган алдамчылык схемасын уюштурган. Уюлдук телефонду колдонуп, кол салгандар беш жабырлануучунун ишенимине кирип, кыянаттык менен пайдаланышкан.
Кылмыш ишинин жүрүшүндө топтун катышуучулары алдамчылык планын иштеп чыгып, ар биринин аткарган иштери бөлүштүрүлгөн. Б. А. координатордун функцияларын аткарган, шериктештеринин ортосундагы байланышты камсыз кылып, алардын аракеттерин жөнгө салган жана схеманын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн. Жабырлануучулардын 183 млн теңге суммасындагы каражаттары жасалма эсептерге которулуп, андан соң криптовалюталык капчыктар аркылуу акчага айландырылган.
Кармалган жаран УКМК жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан Сокулук РИИБдин тергөө кызматына КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн жеткирилген.