Аскер кызматчылары кызматтык турак-жайды менчиктештире алат, эгерде алардын кызмат өтөө мөөнөтү 20 жыл жана андан көп болсо. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети экинчи окууда жактырды.
Тастыктоочу документте, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аскер кызматчысы ээлеген кызматтык турак жайды менчиктештирүү укугу аскер кызматчылары аскердик кызматтан запаска бошонгондон кийин же мыйзамда каралган негиздер боюнча пенсияга чыккандан кийин гана берилет деп айтылат. Долбоор 20 жана андан көп жылдык стажы бар азыркы кызматкерлерге турак-жайды менчиктештирүү укугун берет.
Мыйзам долбоору ошондой эле 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчысы каза болгон учурда анын жакын туугандарына кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө укук берет.