Бишкекте мектеп окуучулары таштанды таштанды челектен ымыркайды табышты

Бишкекте мектеп окуучулары таштанды челектин ичинде калган ымыркайды табышты. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бир күн мурун, 28-январда Интергельпо көчөсүндө болгон. Ымыркай баштыкка оролуп, таштанды челекке салынган. Ымыркай азыр ооруканада. Укук коргоо кызматкерлери ымыркайдын апасынын өздүгүн тактоодо. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.