Башкы прокуратура адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь РИИБи тарабынан А.у.М. аттуу жаран алдоо жолу менен жабырлануучу М.Э.А.га таандык баасы 63 миң доллар турган автоунаасын сатып жиберип, акчасын кымырып алган фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, А.у.М. камакка алынып, кылмыш иш 2024-жылдын 4-декабрында соттун кароосуна жиберилген.
Бирок, Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкер А.у.М.ди сотто катышкан прокурор тарабынан камакта калтырууну сурагандыгына карабастан, аны камактан бошоткон.Прокуратура тарабынан соттук кароодо айыпкерди кайрадан камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирилет.
Мындан тышкары, Бишкек ШИИББында А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган Бишкек шаарынын Осипенко көчөсүндөгү үйдү М.Э.А.га жана И.А.га 500 миң долларга алдоо жолу менен саткан фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.
Жогоруда белгиленген жагдайлар Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.
Эске салсак, кечээ өлкөнүн башкы көзөмөл органынын имаратынын жанында бир адам өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган. Ал өзүнө бензин чачып, өзүн өрттөп жиберген.