Ысык-Көл облусундагы “Отель Евразия” ишканасына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, анын баасы 729 миллион 682 миң сом деп бааланган.
УКМК Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан “Бермет” мамлекеттик пансионатынын (азыркы “Отель Евразия” эс алуу борбору) жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз жол менен өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.
Ысык-Көл районунун аймагында 111 пансионат, төрт санаторий, 364 чакан мейманкана, сегиз эс алуу борбору жана 11 балдар лагери жайгашкан.
Буга чейин атайын кызмат Ысык-Көл райондук соту 2008-жылы “Акун” пансионатына Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарганын билдирген. Анын натыйжасында Мамлекеттик каттоо органы жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз бергенин кабарлаган.
2022-жылы 24-декабрда атайын кызмат “Акун” пансионатына Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.
“Акун” Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова Фейсбуктагы баракчасына пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүү программасы аркылуу сатып алынган деп жазган.