Москва райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү келинди кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-январда саат 01:15 чамасында Москва РИИБге кабар түшүп, Беловодское айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдө уруш болуп жатканы айтылган. Жерине барган милиция 1996-жылы туулган эркек киши менен 2005-жылы туулган келин жашап жүргөнүн аныктаган.
Алар жумуштан үйүнө барышып, спирт ичимдигин ичишкен. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, келин жолдошун ашкана бычагы менен жүрөк тушка сайып салган. Кесепетинен жаран каза болгон. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, камакка алынган.
19 жаштагы Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.