ТИМ учак кырсыгына кабылган бир кыргызстандыктын абалы оор экенин билдирди

25-декабрда Казакстанда болгон авиакырсыктан кийин Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн чараларды көрүүдө. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эки кыргызстандыктын абалы туруктуу, үчүнчүсүнүн абалы оор. Ал үчүн жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуу чечими кабыл алынды.

Мангистау облусундагы кыргыз диаспорасы жабыркагандарга жардам берип, байланышта болууда. 28-декабрда аман калган адамдардын жакындары Казакстанга жөнөйт.

Авиакырсык 25-декабрда Азербайжан аба жолдорунун учагы Актаудан 10 чакырым алыстыкта кулап түшкөн. 38 жүргүнчү каза болуп, 29 адам аман калган.