Жаңы жыл түнү Бишкектин коомдук транспорту саат 3.00гө чейин иштейт

Жаңы жыл түнү Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн коомдук транспорт саат 3.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар 56 каттам боюнча 1,2 миң автобус линияга чыгарын убада кылышты. Ошентип борбордун жашоочулары жаңы жыл түнү эс алуудан кийин үйлөрүнө оңой эле кайтышат.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! Жол тыгындарын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү суранабыз», — деп суранды муниципалитет.