“Альянс Алтын” Америкалык соода палатасы тарабынан “Жылдын мыкты иш берүүчүсү” деп аталды

«Альянс Алтын» ЖЧКсы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» номинациясында беделдүү AmCham Awards 2024 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 12-декабрында Америкалык Соода Палатасынын Hyatt Regency Bishkek мейманканасында өткөн “AmCham GALA 2024” жылдык иш-чарасынын алкагында өттү.Ишкерлердин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан кеченин темасы “Бизнестеги жасалма интеллект” болду. Катышуучулар корпоративдик чөйрөнү трансформациялоодо инновациянын ролун талкуулап, ийгиликтүү учурлар менен бөлүшүштү. Борбордук иш-чара бизнестин ар кандай чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктерди баса белгилеген AmCham Awards 2024 сыйлыгынын бет ачары болду. “Альянс Алтынга” ыйгарылган “Жылдын мыкты иш берүүчүсү” наамы кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн мыкты шарттарды түзүүгө, корпоративдик маданияттын жогорку деңгээлин сактоого жана ыңгайлуу жана коопсуз иштөө шарттарын камсыз кылууга умтулгандыгын тастыктайт.Альянс Алтын компаниясы үчүн кызматкерлер ар дайым негизги баалуулук болуп келген. Алардын бакубаттуулугуна дайыма көңүл буруу, окууга, кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана адилеттүү иштөөгө шарт түзүү анын ийгилигинин өзөгүн түзөт. Бул сыйлыкты алуу бир гана аткарылган иштерди баалоо эмес, ички процесстерди мындан ары жакшыртууга стимул болуп саналат.«Биз бул сыйлык менен сыймыктанабыз жана биздин ишибизди жогору баалаганы үчүн Американын Соода палатасына ыраазычылык билдиребиз. Күчтүү командасыз компаниянын ийгилиги мүмкүн эмес, жана биздин биринчи орунда дайыма кызматкерлерибиздин жыргалчылыгы жана алардын канааттануусу саналат. Бул сыйлык бизди алдыга жылууга, корпоративдик маданиятыбызды өнүктүрүүгө жана кызматкерлерибизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоого түрткү берет», – деп белгилешти «Альянс Алтын» өкүлдөрү.Белгилей кетсек, 2024-жылдын 30-ноябрына карата Жерүй кенинде «Альянс Алтын» ишканасынын 784 кызматкери ротациялык негизде иштеп жатат. 559 кызматкер Талас облусунун тургундары, калган 225 кызматкер республиканын башка аймактарынын тургундары.