Ушул жылдын 19-декабрынан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.
Анын айтымында, жумасына 2 жолу бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттайт. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу акысыз.
“Билеттерди asmanairlines.kg же App Store, Google Play`ден asmanairlines.kg тиркемесин жүктөп алып, ошол жерден сатып алсаңыздар болот. Ош-Каракол, Каракол-Ош багыты боюнча каттамдар тууралуу маалыматты жакын арада кабарлайбыз”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациялоо иштеринен кийин ачылган.