Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Элчилик 2025-жылы иш сапарын уюштурууну пландоодо.

Айбек Артыкбаев билдиргендей, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылдын январынан сентябрына чейин 6 миллион 173 миң долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллион долларга көп.

Кыргызстандан Монголияга негизинен кондитердик азыктар, тамак-аш, дан, жашылча жана жаңгак экспорттолот.

Монголиядан Кыргызстанга жер семирткич жана кашемир азыктары ташылып келет.