Президент Садыр Жапаров Өзгөн районунда айланма жолду ачты 

Президент Садыр Жапаровбүгүн 6-декабрда Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө айланма жол салуу менен өлкөбүздүн транспорттук инфратүзүмүн эле өнүктүрбөстөн, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун айтты.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь айынын башында ишке берип жатабыз.

Долбоордун алкагында жаңы жол гана салынбастан, Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынгандыгын баса белгилеп кетейин. Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланма жолдо мал айдап өтүүсү жана ички айылдардын каттамы үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду”, – деди Садыр Жапаров.