Корея Республикасында иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын президенти баштаган делегацияга эч кандай коркунуч жок. Бул жөн гана дал келүү. Садыр Жапаров пландалгандай эле Кыргызстанга эртең кайтып келет, – деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.
“Президенттин иш сапары план боюнча өтүп жатат жана эч кандай коркунуч жок. 4-декабрда мамлекет башчы жана аны коштогон делегация алдын ала пландалгандай эле Кыргызстанга кайтып келет”, – деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаганын билдирген.
Учурда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түштүк Кореяда расмий иш сапары менен жүрөт. Өлкө башчысы 4-декабрда Кыргызстанга кайтып келиши күтүлүүдө.