“Ынтымак Ордого” экскурсияга баруунун тартиби өзгөрдү.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, экскурсия ар жуманын ишемби күнү өткөрүлөт. Ал үчүн алгач электрондук түрдө сайт аркылуу паспорт менен катталып, белгиленген бөлүмдөрдү толтуруу шарт.
- Административдик имарат менен таанышууга келген жарандардын кийимдери коомдук жайларда жүрүүнүн жалпы ченемдерине жооп берүүсү зарыл.
- Экскурсия учурунда жарандар коомдук тартипти сактоого тийиш.
- Административдик имаратка бир жолу экскурсияга кирип чыккан жаранга, экинчи жолу уруксат берилбейт.
- Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуган жана мамлекеттик иш-чаралар өтүп жаткан учурларда экскурсия уюштуруу убактылуу токтотулат.
Экскурсия учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) имаратка спирт ичимдиктерин, тамак-аш, суусундуктарды, балмуздак ж.б. алып кирүүгө;
2) имараттын ичине ок атуучу куралдарды, курч предметтерди, бат от алуучу баллондорду, ууландыруучу, жардыруучу жана зыяндуу заттарды, чоң көлөмдөгү баштык, рюкзак, чемодан ж.б. буюмдарды алып кирүүгө;
3) ролик, велосипед, скейтборд ж.б. пайдаланууга;
4) коомдук жалпы жүрүм-турум эрежелерин, кооопсуздук техникасын, ошондой эле экскурсиянын талаптарын бузууга;
5) коштоп жүргөн жооптуу кызматкерсиз өз алдынча кызматтык бөлмөлөргө жана башка жайларга кирүүгө;
6) имараттын ичиндеги приборлорду, жабдууларды, жарык берүүчү жана башка техникалык системаларды өз алдынча өчүрүп-күйгүзүүгө.
Белгилей кетсек, эрежелерди бузган жаранга административдик имараттын ички тартибин көзөмөлдөөчү кызматкерлер тарабынан эскертүү берилет.
Эске салсак, коомдук тартип бузган учурда мыйзамга ылайык чара колдонулат.