Садыр Жапаров Ош районундагы Жаңы-Барак айылынын ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы айыл тургундары менен саламдашып, бүгүн кыргыз эли, жаңы айылдын тургундары, ал үчүн дагы – баардыгы үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын айтты.

Садыр Жапаров жаңы айылдын түптөлүшү Кыргызстан үчүн символикалуу көрүнүш экенин баса белгиледи. Буга чейин башка өлкөнүн аймагында эксклав болуп калган аймакта күн кечирген кыргызстандыктар өз тарыхынын жаңы барагын ачып, жаңы турмуш баштоонун алдында турат. Ал жаңы үйлөрдө жаңы үмүттөр менен жаңы жашоого кадам таштап, эң башкысы Кыргызстан аймагында түтүн булаткан жарандарыбыз үчүн сүйүнүп турганын жашырган жок.

Президент Жаңы-Барак айылынын курулушу менен мамлекеттин жаркын келечегине, бүтүндүгүнө бекем ишеним курулганын айтып өттү. Ал жаңы айылдын түптөлүшү – бул биздин коомчулугубуздун бийик дымагынын, мекенчилдик сезиминин жана ар тараптуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи.

Президент Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Дөбө районунун ичинде жайгашкан Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп келгенин эске салды. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундары кыйын кырдаалдарды баштан кечиришкен: өткөрүү пункттарында суукта, шамалда сааттап кезек күтүп, текшерүүдөн өткөн. Ошко чейинки 15 мүнөттүк жолду 300 чакырып жол аркылуу айланып олтуруп, 12 саатта жеткен күндөр да болгон.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинде Барак айылынын маселесин кошо көтөрүү менен айылдын жерин алмашуу жолу менен чечүү жагы колго алынганын айтып берди. 2024-жылдын март айында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусунда Өзбекстан айылдагы курулмаларды демонтаждоого милдеттенсе, кыргыз тарап айыл элин көчүрүү милдетин алган. Ошол макулдашуунун жыйынтыгында жалпы жонунан 208 гектар жер Өзбекстан менен алмашылып, ал жерге Жаңы-Барак айылын түптөө чечими кабыл алынган. Мамлекет башчысы бул макулдашуу коңшу мамлекет менен достук жана боордоштук мамилелерге негизделген тышкы саясаттын туура нукта баратканынын белгиси экенин баса белгиледи.

Президент өз сөзүндө жаңы айылдагы жасалган инфраструктуралык иштерге басым жасады: 101 турак үй курулуп, жер астынан таза суу чыгарылып берилди, көчөгө шагыл төшөлүп, электр зымдары тартылып, электр кубаты жетип олтурат. Жаңы-Барак айылында социалдык объектилер: бала бакча, мектеп, көп кабаттуу үй, сейил багы, мечит, футбол талаасы, жашылдандыруу эске алынган. Келерки жылкы түшүмдүн камын көрүү максатында айдоо аянтчалары бөлүнүп, учурда 50 гектар жерге дыйкандар күздүк буудайын сээп алышты, бул болсо айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жол ачат.

“Түмөн түйшүк көйгөйлөргө карабай, киндик кан тамган жерин таштап кетпей, ушул кезге чейин “Сабырдын түбү сары алтын” деп туруктуу жашап келген сиздер менен жалпы кыргызстандыктар сыймыктанабыз. Себеби дал ушул Барак айылы менен Кыргызстан бүтүн болуп келген. Эми минтип баарыбыздын бир кездеги кыялдарыбыз орундалып, сиздер жаңы конуштуу болуп олтурасыздар”, – деп президент, Жаңы-Барак айылынын тургундарына кайрылып айтты.

Ал ушул жылдын 6-май күнү Жаңы-Барак айылынын курулушу башталганын, 7 ай өтпөй анын жашоочулары заманбап, бардык шарттары бар турак жайлуу болгонун белгиледи. Бул айылдын түптөлүшү айыл тургундары үчүн гана эмес, жалпы өлкөнүн өнүгүүсү үчүн да маанилүү кадам экенин айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров бул айылда көп кабаттуу үй куруу каралганын, кийин Жаңы-Барак айылынын уул-кыздарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилерин белгиледи.

Президент быйыл эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатканына токтолду. Бул тарыхый окуя Жаңы-Барак айылынын түптөлүшү менен дал келгенин айтып, бул жакшы жышаан – жаңы Кыргызстанды курууга бет алган маалда Жаңы-Барак айылы ийгиликтин, өнүгүүнүн символу болоруна үмүт артарын билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы бардык кыргызстандыктарды алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга да чакырып, бул саясий иш-чараны өлкөнүн алдыга жылышындагы маанилүүлүгүн жана ар биринин жарандык позициясын билдирип, коомдун турмушун жакшыртууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын аягында президент Садыр Жапаров Жаңы-Барактын тургундарына жаркын жана кең келечек каалап, жаңы конуш жаңы башталыштын, жаңы үмүт менен жаңы кыялдардын айылы болушун тилек кылды.