Кыргызстандык тигүү фабрикасы товарларын Европага экспорттоодо 

Кыргызстандык тигүү фабрикасы товарларын Европага экспортоодо.

Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, учурда Basico Premium ири тигүү фабрикасы толук автоматташтырылды. Жаңы техникалар боюнча өндүрүштү ишке киргизүү аземине Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев катышты.

Фабрикада Борбор Азияда теңдеши жок жабдуулар колдонулат. Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү болуу менен ишкана палата менен активдүү кызматташат. Бул өнөктөштүктүн аркасында фабрика заманбап жабдууларга ээ болуп, Европанын жана Борбордук Азиянын экспорттук рынокторуна чыга алды.

Өндүрүштө 200ден ашык адам иштейт. Компания өзүнүн бренди менен кийимдерди чыгарат, ошондой эле тигүү жана аутсорсингге заказдарды кабыл алат. Өткөн жылы фабрика 350 даанага чейин чыгарууга жетишкен. Быйыл аянты 1500 чарчы метр болгон тигүү фабрикасын ишке киргизди.