Бишкекке Түркиядан кондиционери менен жаңы автобустар келет

Жакында Бишкекке Түркиядан жаңы автобустардын партиясы келет. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, 21-октябрга карата борбордо 1376 автобус бар. Күн сайын линияда 1 миң 70 автобус жана 108 троллейбус иштейт. 20-ноябрга чейин Бишкекке 35 жаңы автобус келет.

Бул жолу автобустар кондиционер менен жабдылып, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн көтөрүүчү механизмдер бар. Алар газ менен иштешет.

Вице-мэрдин айтымында, жаңы партиядан автобустарды экспресс каттамдарга, мисалы, «Манас» эл аралык аэропортуна жөнөтүү пландалууда.