Акылбек Жапаров мамлекеттик циркте жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты 

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров циркти капиталдык реконструкциялоо долбоорунун алкагында — кызматкерлерге, келген конокторго, цирк жаныбарларына түзүлүп жаткан шарттарды, ошондой эле цирк оюндары көрсөтүлүүчү аренаны, имараттын ичинде жана сыртында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыкты.

Оңдоо иштери менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана куруучуларга оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүү, сапаттуу жүргүзүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берилип, өзгөчө цирктин айланасы жеке тараптарга ижарага бербилбеши керектиги эскертилди.

Кыргыз мамлекеттик циркинин капиталдык реконструкциялоодон өткөрүлгөндөн кийинки ачылышы — үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата пландалууда.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айларында Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барып, имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышкандан кийин, Мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде башталган.

Учурда цирктин жалпы штаттык бирдигинде 180ден ашуун кызматкер эмгектенет.