Кыргызстандын тышкы карызы 2029-жылга карата 4 млрд долларга чейин төмөндөйт 

Финансы министрлигинин болжолдоосуна ылайык, Кыргызстандын АКШ долларында мамлекеттик тышкы карызынын көлөмү акырындык мерен азаюуда.

Документте 2024-жылы тышкы карыздын көлөмү 4,7 млрд долларды түзсө, 2029-жылы 4 млрд долларга чейин төмөндөй тургандыгы айтылат.

Сом эквивалентиндеги мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү АКШ долларынын алмашуу курсунун таасирине көз каранды. Макроэкономикалык болжолдорго ылайык, кийинки жылдары алмашуу курсунун өсүү динамикасы уланат, бул өз кезегинде сом менен туюнду рулган мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүнө да таасирин тийгизет.

Ошондой эле документте мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдардын өсүү тенденциясы белгиленет, бул мурда тартылган зайымдар боюнча негизги суммаларды төлөө мөөнөттөрүнүн келиши менен байланыштуу.

Ошентип, 2025-2029-жылдарга болжолдонгон мезгилде мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдардын жалпы суммасынан 85%дан ашыгын карыздын негизги суммасын тындырууга багыттоо пландалууда.