Бишкекте 100 миң көрүүчүнү батыра турган аянт куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө – Маданият министрлиги

Бишкек шаарында 100 миң көрүүчүнү батыра турган аянт куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы Нурмухаммед Атамбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жаңы аянтты салуу маселеси 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чарадан кийин көтөрүлгөн.

“Маданият министри Алтынбек Максүтовдун маалыматына ылайык, учурда жаңы аянтты куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Талаптарга ылайык, жаңы аянтты салуу планда турат. Анын кайсы жерде жайгашары жана каржылоо маселеси каралууда. Ала-Тоо аянтында өткөрүлгөн акыркы иш-чара 100 миңдей кишини батыра турган аянтты салуу керектигин көрсөттү”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк майрамында борбор калаада өткөрүлгөн маданий иш-чарага 80 миңдей адам келгени айтылган эле.

Маалыматтар боюнча, Ала-Тоо аянтты мындан 40 жыл мурда курулган.