Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты.
62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволе менен кез келди.
Таймаш 5:1 эсебинде аяктап, Айсулуу Тыныбекованын пайдасына чечилди.
Эми Тыныбекова чейрек финалда Несрин Баш (Түркия) – Кайл Миракл (АКШ) беттешинде уткан спортчу менен күрөшөт.