Талас облусунун башчысы болуп Эрмат Жумаев дайындалды

Талас шаарынын учурдагы мэри Эрмат Жумаев кызматынан бошотулуп, президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Аталган жарлыкка 2-августта президент Садыр Жапаров кол койду.

32 жаштагы Эрмат Жумаев буга чейин Каракол шаардык кеңешинин депутаты, Каракол шаардык “Зеленстрой” ишканасынын жетекчиси болуп иштеген.

2020-жылдын 11-ноябрында ал тапта премьер-министрдин милдетин аткаруучу болгон Садыр Жапаровдун буйругу менен Каракол шаарынын мэри, 2023-жылдын 13-майында президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Талас шаарынын мэри болуп дайындалган.