Бүгүн Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кече өтөт

Бүгүн, 2-августтта саат 19:00дө Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жанында Т.Сатылгановдун эстелигинин жанында ачык асман алдында музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Классикалык музыка кечесин Бишкек мэриясынын Чоң симфониялык оркестри тартуулайт.