Байден президенттик жарыштан чыкканын билдирди

epa11480543 US President Joe Biden waves as he walks across the South Lawn to depart the White House by Marine One, in Washington, DC, USA, 15 July 2024. Biden travels to Las Vegas, Nevada. EPA/MICHAEL REYNOLDS

АКШнын президенти Жо Байден быйыл күзүндө өтө турган шайлоого катышпай турганын жана президенттикке азыркы вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын билдирди. Бул тууралуу ал «Х» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Байден менен Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамптын июндун аягында өткөн дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүүгө чакыргандар көбөйгөн.

Байден дебатта атаандашынын чабуулдарына жооп кайтара албай, айрым учурларда чаташып, өз оюн да толук жеткире алган эмес.

АКШнын 81 жаштагы лидери мөөнөтүнүн аягына чейин президенттик милдеттерин аткарууга көбүрөөк көңүл бура турганын айтты.

«Сиздердин президентиңер болуп кызмат кылуу — жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Кайра шайланууну көздөгөнүм менен шайлоодон четтеп, мөөнөтүмдүн аягына чейин жалаң президенттик милдеттеримди аткарууга көңүл буруу партиямдын да, өлкөмдүн да кызыкчылыгына төп келет деп ойлойм», — деп жазды Байден.

Президент кабыл алган чечими тууралуу алдыдагы жумада элге жасай турган кайрылуусунда кененирээк кеп кыларын билдирди.

59 жаштагы Камала Харрис демократтардын талапкери болуп тандалса, өлкө тарыхында президенттик кызмат үчүн ат салышкан алгачкы афроамерикалык аял болуп калат.